Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Тегирменти айылында (Карл Маркс орто мектеби)мектеп 1924-1926-жылдары Ысмайыл атанын 2 бөлмөлүү тамында биринчи мектеп ачылган. Зулпукадыр молдо, Жумабай уулу Жамалидин жетектеген. Андан кийин 1932-жылга чейин Мажит атанын тамында окушкан. 1933-жылы айылга мектеп курулуп, 1943-1944-жылга чейин 7 жылдык болуп, 1944-жылдан баштап орто мектеп болгон.

1963-жылы Солтоноева Ниязкан эже 320 орундук кылып жаңы мектепти курдурган. 1966-1968-жылдарда мектеп-интернаты болуп, ал кийин Кичи-кемин айылына көчүрүлгөн. 1995-жылга чейин Карл Маркс орто мектеби болуп 1995-жылдын сентябрь айынан баштап Кыргыздын алгачкы тарыхчы, агартуучусу Белек Солтоноевдин ысымын алып келет. 1944-2014-жылдары мектепти 1564 окуучу бүтүргөн. 2015-2021-жылдары 154 окуучу бүтүргөн. Алгачкылардан болуп Кемин району боюнча Бүткүл союздук «Артек» пионер лагерине Карл Маркс орто мектебинин окуучусу Дөөлөтбаков Желдең барып келген. Алгачкы мугалимдер: Зулпукадыр молдо, Дөөтаалы молдо, Бек молдо, Мажит Шералиев, Батма Бакыбаева, Жоомарт Дөөлөталиев, Зайнулин Касымбай, Зуура Жетигенова, Бекбоосун Жакыбалиев, Төлөнбай Данияров, Жумадил Сулайманов, Аман Сраждинов, Абсейит Алыбеков. 1924-1926-жылдары Жумабай уулу Жамалидин 1926-1936-жылдарды Жаңы-Алыштык Байгазиев Молдобай, 1936-жылы Кара-Булак айылынан Мырзалинов Айнидин, 1941-жылга чейин Кайыды айылынан Сүйүналиев Калый жана Эгизов, 1941-1942-жылы Абдылдабек Тайкүрөңов, 1942-1943-жылы Орозобай Байсултанов, 1943-1944-жылы Мажит Шералиев, 1945-1947-жылдары Эшимкан Тогузбаев, 1947-1952-жылы Төлөнбай Данияров, 1952-1956-жылдары Абсейит Алибеков, 1956-1957-жылы Касымкул Сыдыков, 1957-1986-жылдарда Калийча Чоробаева, 1986-1987-жылы Аалы Давлетбаков, 1987-1998-жылдарды Нестан Мажитова, 1999-2001-жылы Бекет Ниязалиев, 2001-2005-жылдары Жаныш Акматсияев, 2005-2009- жылдары Асылбек Беделбаев, 2009-2018-жылдарда Нургүл Ашыралиева 2019-жылдын январь айынан бери Бекетаева Венера атуу мыкты агайларыбыз, эжейлерибиз мектепти жетектеп, директор болуп иштеп келишет.

Мектептин тарыхында иштеп кеткен мугалимдердин арасында Элге билим берүүнүн отличниктери:

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Гимназиянын концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Гимназиянын усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета